
Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Автожолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет.
17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2° +3°, Ысык-Көл облусунда -4° …+1°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.
Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулар алыска жолго чыгууда унааңызда кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышууну эскертет.






