Салык кызматынын мурдагы башчысы Абдувапов жана анын орун басары үй камагына чыкты

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго сот айып пул салып, класстык чиндеринен ажыратты. Өздөрү сот чечими күчүнө киргенче, үй камагына чыгарылды.

Ленин райондук сотунун кеңсе кызматы кабарлагандай, Алтынбек Абдуваповго сот чечими менен 400 миң сом, ал эми Исламбек Кыдыргычовго 300 миң сом айып пул төлөө милдеттендирилди. Экөөнө тең кызматка турууга жана ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды. Мындан тышкары алардын класстык чиндери алынып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

Иштеги дагы бир айыпталуучу Т. А. аттуу жаранга да 300 миң сом айып тагылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычовду 2024-жылдын декабрь айында кармаган. УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген.

УКМК башкы салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешесин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылы 9-июлда Ош шаарында суйлөгөн сөзүндө Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын, экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекетке алынарын айткан.

Абдувапов менен Кыдыргычевдин жакындары жана адвокаттары кылмыш иши тууралуу комментарий берген эмес.