«Манас» аба майданында тумандан улам үч каттам кечикти

Шарм-эш-Шейхтен, Стамбулдан жана Москвадан келген үч каттам коюу тумандан улам Бишкектин Манас эл аралык аба майданында кечигип калды. Аба майданынын жанындагы көрүнүү аралыгы учурда 175 метрди түзөт, ал эми минималдуу талап 800 метрди түзөт.

Аба майданын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Египеттен келген учак Ташкентке багытын өзгөрткөн.

Аба майданында жаңы 2-категориядагы жарыктандыруу системасы орнотулганы белгиленди. 3-категориядагы жабдууларды орнотуу боюнча иштер уланууда, бирок жагымсыз аба ырайында конуу боюнча акыркы чечим ар дайым учактын экипажына таандык экенин «Кыргызстан аэропорттору» ААК басма сөз кызматы билдирди.