Жакынкы сааттарда Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарынын тургундарына жана Чүй өрөөнүнүн жашоочуларына шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана бүгүн кечинде Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө чыгыштан соккон катуу шамал күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат жана төмөнкү эрежелерди эскертет:

  • Электр чубалгыларына жакын барбаңыз;
  • Жарнамалык калкандардан жана бак-дарактардан алыс болуңуз;
  • Унааларды бактардын алдына токтотпоңуз.