
Кечээ, 12-январда Бишкек шаарынын Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинин экинчи этабынын биринчи бөлүгү кезекке тургандарга берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” программасынын түз эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдирди.
Анын айтымында, 8 блокто жайгашкан 1080 батир пайдаланууга берилди. Үйлөр 18 жана 24 кабаттуу заманбап имараттардан турат. Бул этапта төмөнкүдөй батирлер бар:
- бир бөлмөлүү 360 батир;
- эки бөлмөлүү 432 батир;
- үч бөлмөлүү 288 батир.
“Мурас” турак жай комплекси — бул МИК курулушун баштаган алгачкы объекттердин бири. Долбоор толугу менен үч этапка бөлүнгөн. Алгачкы 510 батир 2024-жылдын декабрында берилсе, 2025-жылы дагы 476 батирди тапшырганбыз, ал эми кечээ 1080 батир берилди. Калган 2688 батирдин курулушу жигердүү темп менен жүрүп жатат. Аларды ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз”, — деп белгиледи Тотубаева.
Ошондой эле аталган турак жай комплексинде керектүү социалдык инфраструктура каралган. Мурда берилген үйлөрдүн биринин 1-кабатында Бишкек мэриясынын балансындагы мектеп иштеп жатат. Мындан тышкары, план боюнча өзүнчө мектеп, бала бакча жана унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.




