Жаңы жыл түнү Бишкекте автобустар түнкү 3кө чейин жүрөт

Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

1-январга караган түнү коомдук транспорт түнкү саат 2:00-3:00гө чейин иштейт. Шаар тургундарына жана конокторуна кызмат көрсөтүү үчүн 300дөн ашык автобус каттамга чыгат.