
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Аламүдүн-1 кичи районунда Чоң Чүй каналына 3 адам түшүп кеткен.
Учурда алардын аты-жөнү такталууда. Бүгүн издөө иштерине саат 09:05те 5 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.




