Президент Кыргызстан тышкы карыздан качан толук кутуларын айтты

Мамлекеттин тышкы карызын 2035-жылдарга барып толук жаап бүтөбүз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.

Ал бул 30 жылдан бери алынып келе жаткан карыздар экенин белгиледи.

“2022-жылы 392 млн доллар, 2023-жылы 595 млн доллар, 2024-жылы 688 млн доллар, 2025-жылы 857 млн доллар төлөдүк. Эми кийинки жылы 1 млрд 48 млн доллар, 2027-жылы 1 млрд 277 млн доллар, 2028-жылы 1 млрд 326 млн доллар, 2029-жылы дагы 1 млрд 326 млн доллар, 2030-жылы 1 млрд 201 млн доллар төлөп, азайып баштайт экен. Ошентип акырындан азайып отуруп 2035-жылы тышкы карыздан толук кутулат экенбиз”, – деди ал.