Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

1-январдан тартып Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул чара жер алдындагы өтмөктү жана  аялдама  комплекстерин куруу иштерине байланыштуу.

Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.

Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, курулуш мезгилинде бул жердеги жол кыймылы убактылуу чектелет. Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алуу жана жол белгилерине жана убактылуу белгилерге көңүл буруу сунушталат.