
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин демилгеси менен балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага облус аймагындагы окуудагы алдыңкы жетишкендиктери менен айырмаланган окуучулар, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар жалпы 400 бала чакырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы Эрмат Джумаев балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, билим алууда ийгиликтерди жана бактылуу балалык каалады.
Майрамдык маанайды көтөрүү максатында К. Медетбеков атындагы облустук драма театрынын артисттери “Үйдө жалгыз” киносу театрлаштырылып спектакль көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда бардык 400 балага атайын даярдалган белектер тапшырылды.















