
Бишкекте дагы бир автобустун каттамы өзгөрдү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 23-декабрдан тарта No2 электр автобусунун каттамы жарым-жартылай өзгөртүлөт.
Маалым болгондой, мындай чечим коомдук транспортту оптималдаштыруу жана шаар тургундарын транспорттук тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Буга чейин муниципалитет 11 автобустун каттамдарын өзгөрткөн.





