
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу учурда 207 мектеп онлайн окутууга өттү, ал эми 214 бала бакча карантинге убактылуу жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
«Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу министрлигинин уруксатысыз эле билим берүү процесси онлайн форматына которулат. Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт.
Учурда республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинде», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, өткөн аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 36 миңден ашык учуру катталган. Ооруга чалдыккандардын 70 пайыздан ашыгы 14 жашка чейинки балдар болгон.






