
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн техникалык шарттарын жана үлгүсүн бекитти.
Буга чейин белгилүү болгондой 2019-жылдагы чыгарылган бланктарын берүү аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
Маалым болгондой, 2026-жылы мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр 10 жылдык мөөнөтү бар үлгүгө алмаштырылышы керектигин билдирген.
Айдоочулук күбөлүктү персоналдаштыруу укугу Президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине берилген.






