
БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү 35 шайлоо участогуна камера орнотуп, жашыруун добуш берүү принцибинин бузулушуна көз салып жатканын тастыкталган.
БШКга мыйзам бузуулар боюнча бир нече билдирүү түшкөн. Социалдык тармактарда аталган округда тартылган видеолор тараган. Анда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулуп, добуш сатып алуу фактыларын көрсөткөн фото жана видеолор бар.
Аталган округда 94 шайлоо участогу бар. Талапкерлер Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова эң көп добуш алгандар эле.
Эми 30-ноябрда өткөн шайлоого катышкан жарандар кайрадан өтүүчү шайлоого катыша алышпайт.
Алар кимдер:
Талант Мамытов;
Бактыбек Сыдыков;
Айбек Алтынбеков;
Чинара Джураева;
Гүлназ Нурбаева;
Сайдулла Нышанов;
Олмаскан Султанова;
Гулназ Жээнбекова;
Жаныбек Курбаналиев;
Мунара Маматалиева;
Айбек Саипов;
Нурланбек Кенжебаев;
Айгуль Карабекова;
Мейкинбек Абдалиев.
Аталган округга Базар-Коргон, Ноокен райондорунун айылдары, Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарлары кирет.






