
Жаңы стадиондун аталышы «Азаттык Арена» эмес, «Бишкек Арена» болот. Бул тууралуу Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
«Кудай буюрса, 2026-жылдын август айында өлкө тарыхындагы эң ири жана эң заманбап спорт объектилеринин бири болгон жаңы стадиондун курулушу толук бүтүп калат. Алгач стадиондун аталышы «Азаттык Арена» деп белгиленген. Бирок, президент Садыр Жапаров калктын пикирин эске алып, коомдук талкууларды өткөрүп, элдин басымдуу бөлүгүнүн каалоосуна ылайык стадиондун жаңы аталышы расмий түрдө «Бишкек Арена» болуп өзгөртүлдү», — деп билдирди Туманбаев.





