
Бишкектеги «Ынтымак Ордодо» Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин расмий тосуп алуу аземи өттү.
Орусиянын лидеринин кортежин атчандардан түзүлгөн «Кырк чоро» аскерлер коштоп жүрдү. Резиденциянын алдындагы аянтта эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлүп, ардактуу кароол тизилип, кызыл килем төшөлгөн.
Кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин, Кыргызстандын жана Орусиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Жетекчилер аскер кызматкерлеринин курамын карап чыгышты. Бул учурда Владимир Путин кароолго кыргыз тилинде кайрылып, аларды «Салам, аскер!» деген сөздөр менен тосуп алды.
Андан кийин президенттер расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты. Ардактуу кароол алардын жанынан өттү. Протоколдук бөлүктөн кийин Жапаров менен Путин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн резиденцияга киришти.
Сапардын программасына ылайык, тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги маселелерин, интеграциялык бирикмелердин ичиндеги өз ара аракеттенүүнү жана аймактык актуалдуу маселелерди талкуулашат.






