
Кемин районундагы Долпран алтын кенинин Т.Д. аттуу башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, “Кемин Ресурс Групп” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Кытайдын аталган жараны көптөгөн мыйзамдарды бузганы аныкталган. Кенде экологиялык талаптар кандай аткарылып жатканын текшерүү үчүн буга чейин комиссия түзүлгөн.
“Натыйжада Долпран кенинде 14 398,6 чарчы метрлик жердин бети талкаланганы, лицензиялык келишимдин шарттары аткарылбастан коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Долпран кенинин ишмердүүлүгү ири өлчөмдө зыян келтирген”, — деп айтылат маалыматта.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 20-ноябрда компаниянын Т.Д. аттуу башкы директору кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев Кеминге барганда жергиликтүү эл андан алтын казган ишкананын ишин токтотуп берүүнү суранган. Тургундар аймак сейсмикалык жактан активдүү экенин, фабрика, калдык сактоочу жай куруу кооптуулук жаратарын айтып даттанышкан.






