Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылды

Эки айдан кийин, Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектинин Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү кайрадан ачылды. Жол азыр алты тилкелүү болгондугун Бишкек мэриясы билдирди.

Эскерте кетсек, жол сентябрь айынын аягында реконструкциялоо үчүн жабылган. Бул бөлүккө жер асты өтмөгү кошулду. Анын жакында ачылышы пландаштырылууда.