Бишкекте мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн окушат

Бишкек шаарынын бардык мектептери 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт.

Мындай чечим ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө өткөн расмий иш-чаралардын жүрүшүндө, ошондой эле алдыдагы шайлоону жана билим берүү мекемелерин андан кийин окуу процессине даярдоо, анын ичинде санитардык чараларды көрүү зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды.

Сабактар ​​бекитилген окуу пландары жана графиги боюнча онлайн өткөрүлөт. Ал эми шаардагы Жогорку окуу жайлар 27-29-ноябрь күндөрү аралыктан окушат.

Мэриянын маалыматына ылайык, 25-26-27-ноябрь күндөрү “Ош” жана “Сары-Өзөн” базарлары санитардык тазалоо үчүн убактылуу жабылат.