Азия өнүктүрүү банкынын президенти Бишкекке келди

 Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Кандо иш сапары менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, Масато Кандо иш сапарынын алкагында Борбор Азиянын аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БААЭК) “Жашыл жана санариптик БААЭК” темасында 24-министрлер конференциясына катышат.