Айып пулуңуз 3000 сомдон ашса, унааңыз камакка алынат

Эми төлөнбөгөн айыптардын жалпы суммасы 3000 сомдон ашса, унаалар камакка алынат.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы айып пулду өз убагында төлөп коюуну эскертет. Анын үстүнө бир айдын ичинде төлөсөңүз, 70% арзандатуу аласыз.

«Түндүк» тиркемеси аркылуу төлөнбөгөн айыптарыңызды онлайн текшере аласыз.