
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин жаңы биринчи орун басары министрликтин кызматкерлерине тааныштырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн министр Канат Сагынбаев жаңы биринчи орун басарды эмгек жамаатына тааныштырып, Камчыбек Дасматовго мындан аркы ишинде ийгиликтерди, жемиштүү эмгек жана бекем ден соолук каалады.






