
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагындагы алгачкы жыйынтыктарды жарыялады.
Өкмөт башчысы Бишкек, Ош шаарларында жана бир катар аймактарда калктын санынын өсүшү менен мамлекеттик мектептердин толуп кетишине алып келип, жеке сектордун активдүү катышуусун талап кылып жатканын белгиледи.
Реформанын алкагында онлайн лицензиялоо киргизилип, анын мөөнөтү 3-4 айдан 20 күнгө чейин кыскарды. Ашыкча текшерүүлөр жана административдик процедуралар жоюлду.
Ал эми «Түндүк» аркылуу айдоочулук күбөлүктү алуу мөөнөтү 1-2 күнгө чейин кыскарып, Кыргыз почтасы аркылуу үйгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар.






