
Көк-Жар суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу 2025-жылдын 20-ноябрында саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: 7-Апрель – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Скрябин көчөсү – Юнусалиев көчөсү – М. Горький көчөсү – 7-Апрель көчөсү.
“Бишкексууканал” жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жана уюмдарды керектүү көлөмдө ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.






