
МККБ таксисттерге 2025-жылдын 1-декабрына чейин лицензия алуу үчүн документтерди тапшыруу зарылдыгын эскертет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жүргүнчү ташуу менен алектенген бардык айдоочуларды лицензия алуу үчүн керектүү документтерди убагында даярдап, 2025-жылдын 1-декабрына чейин тапшырууга чакырат.
МККБ белгилегендей, мөөнөттү өткөрүп жиберген айдоочуларга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Ошондуктан такси кызматын көрсөткөн жарандарга талаптарды так аткарып, документтерди алдын ала тапшыруу сунушталууда.
Лицензия алуу үчүн төмөнкү документтердин чогултуу талап кылынат:
жеке жактар үчүн:
– транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү;
– техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
– ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
– менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автомобилдик транспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
– үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
– белгиленген формадагы ден соолуктун абалы жөнүндө медициналык маалым кат;
– соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат.
Мындан сырткары оор жана анча оор эмес кылмыштар боюнча соттолгон жарандарга лицензия берилбейт.






