Сокулукта таштандыдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

Сокулукта таштандыдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Сокулук РИИБге Комсомольское айылындагы таштанды таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө 1975-жылы туулган жергиликтүү Г.И. атту тургун Дорожная көчөсүндөгү таштанды челегинен жаңы төрөлгөн кыздын сөөгү табылганын билдирген. Ымыркайдын сөөгү ак баштыкка салынып, үстүнөн кара футболка менен оролгон. Ымыркайдын киндиги байланбаган абалда болгон.

Сөөк өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн сот-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары аталган айылда убактылуу жашап жүргөн 2002-жылы туулган А.Ф. атту жаран аныкталып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.