Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

11-ноябрда Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 23:32 чамасында Ала-Бука районунун аймагында катталган. Жер титирөөнүн күчү Кара-Үңкүр жана Баймак айылдарында 4 баллга жетсе, Кербен шаарында 3 балл сезилген.

Кырсык катталган аймакта кыйроолор катталган жок.