Кыргызстан боюнча мектептерде энергияны үнөмдөө чаралары киргизилүүдө

Кыргызстан боюнча бардык билим берүү мекемелеринде энергияны үнөмдөө чаралары киргизилүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу максатында кабыл алынган № 949 тескемесине ылайык, билим берүү уюмдарында энергияны үнөмдөө чаралары киргизилди.

Окуу процесси аяктагандан кийин (бардык сабактар бүткөн соң) 60 мүнөттөн кечиктирбестен, тазалоо иштери бүткөндөн кийин электр менен камсыздоо өчүрүлүүгө тийиш.

Белгиленгендей, имараттын иштешин жана сакталышын камсыз кылуучу инженердик системалар жана жабдуулар бул чектөөгө кирбейт.

Бул талаптар окуучулардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерге жана мекемелерге (жатаканаларга) колдонулбайт.

Ведомство сабак сааттарын кыскартуу же графикке өзгөртүү киргизүү пландалбай турганын, окуу кадимкидей улана берерин баса белгиледи.