Жерде күчтүү магниттик бороон башталды

Жерде күчтүү магниттик бороон башталды. Жердин магнит талаасынын бузулуу деңгээли беш деңгээлдүү шкала боюнча G3 деңгээлинде болууда. Бул тууралуу Орусиянын Прикладдык геофизика институту билдирди.

Учурда Жердин магнит талаасынын бузулуу даражасы (күчү) беш деңгээлден турган шкала боюнча G3 деңгээлинде, мында G5 «өтө күчтүү» жана G1 «алсыз» болуп эсептелет.

G3 деңгээли Жердин энергетикалык системаларында көйгөйлөр жаралышы мүмкүн дегенди билдирет. Анын ичинде коопсуздук системаларында жалган сигналдар жана май трансформаторлорунун «кайнап кетиши» мүмкүн. 

Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөө институтунун Күн астрономия лабораториясынын адистеринин айтымында, бороон Жерге жакындап келе жаткан плазманын ыргытылышынан улам келип чыгат.

«Бороон жана толкундоолор болжол менен бир күнгө созулат жана такыр токтобойт, анткени алар жөн гана эртең негизги фазага өтөт. Ошондо ыргытылган плазманын негизги бөлүгү Жерге келе баштайт, бул андан да күчтүү геомагниттик процесстерди козгойт», — деп түшүндүрдү лаборатория.