Кыргызстандык окуучулар Казакстандагы ЖИ олимпиадасында коло медаль жеңишти

 Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык команда коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Казакстанда өткөн Fizmat AI экинчи эл аралык олимпиадасына (FAIO – 2025) Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Кипрден — 47 команда жана жалпы 113 өкүл катышты.

Мелдеш эки турдан туруп, биринчи турда катышуучулар таблицалык (классикалык) машиналык окутуу, жасалма интеллект агенттерин түзүү жана аудио иштетүү боюнча үч маселени чечишти. Ал эми экинчи турда компьютердик көрүм жана сунуштоочу системалар боюнча эки маселени карашты.

FAIO тапшырмаларын Google, Huawei, Beeline жана Freedom компанияларынын инженерлери иштеп чыгышкан.

Бул олимпиадада Кыргызстандын намысын төмөндөгү эки команда коргоду:

“Маариф” окуу комплексинен – Матвей Низовский, Сабыр Алымбеков жана Бекжан Рыспеков. Жетекчилери – Элчибек кызы Кундуз, Артем Беляев.

№61 орто мектебинен – Канат Курманбеков, Иса Боржоев жана Эрлан Боронбаев. Жетекчилери – Гүлнара Гадеева, Артем Беляев.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча “Маариф” окуу комплексинин командасы коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, FAIO олимпиадасы Республикалык физика-математика мектеби (ЖФМА) тарабынан уюштурулган. Август айында Матвей Низовский IOAI Эл аралык жасалма интеллект олимпиадасында Кыргызстанга биринчи медалды алып келген.