
Бүгүн, 5-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.
УКМКдан маалымдашкандай, анда борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УДИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдуулар берилди.
Аталган жабдууларды сатып алууга президенттин стабилдештирүү фондунан 35 млн 100 миң сом бөлүнгөн.
Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда Камчыбек Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдуулар сатып алынарын убада кылды.
Дарыгерлер борбор үчүн 180 орундуу унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле бир кызматтык унаа тапшырууну суранышты.
Камчыбек Ташиев борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилерин айтты.
Ошондой эле ал борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайды тез арада куруп берилерин белгиледи.






