“Көз микрохирургиясы” госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов кармалды

 “Көз микрохирургиясы” госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Алмазбек Исманкуловго жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтеринин бир катар кызмат адамдарына карата кылмыш иши иликтенүүдө.

Кылмыш иши чет өлкөлүк техникалык насыялардын алкагында Кыргызстанга жеткирилген медициналык жабдууларды мыйзамсыз алуу жана ыйгарып алуу менен байланышкан коррупциялык схемалар боюнча козголгон.

Маалыматка ылайык, 1998-жылы “Медисон Ко. ЛТД” кореялык компаниясы менен КМУУнун проректору А.Исманкуловдун ортосунда өлкөгө медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

1999–2000-жылдары өлкөгө жалпы суммасы 9 млн АКШ долларынан ашык акча каражатына медициналык жабдуулар келген. Бирок КМУУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин жана башка ведомстволордун айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен жабдуулар мыйзамсыз түрдө бөлүштүрүлүп, Исманкуловго таандык жеке менчик медициналык клиникаларга өткөрүлүп берилген. Мында аталган жабдууларды сатып алууга алынган насыя азыркыга чейин төлөнө элек. 2025-жылга карата карыздын суммасы 31 млн АКШ долларын түзөт.

Исманкулов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмышка шектелип кармалган. Биринчи май райондук соту Исманкуловду камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.