
Президент Садыр Жапаровдун жаңы түзүлгөн “Берекет” банкка анын уулу Нурдөөлөттүн кандай тиешеси бар экендиги тууралуу маегин бүгүн, 2-ноябрда “Кабар” маалымат агенттиги жарыялады.
Анда өлкө башчы банк Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпен Чжаонун демилгеси менен түзүлгөнүн жана жеке бизнес долбоору экенин билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын май айында Чанпенг Чжао Кыргызстанга келгенде санариптик банк ачууну сунуштаган.
«Мен дароо эле аны мамлекеттик банк кылууну сунуштадым, бирок Чанпенг Чжао мамлекеттик түзүмгө катышкысы келген жок. Ошондуктан биз жеке банк ачууну чечтик. Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты», — деген президент.
Өлкө башчысынын айтымында, «Берекет» банкы аркылуу Кыргызстанга көп миллиард долларлык инвестициялар келет жана кадимки коммерциялык банк сыяктуу иштейт. Бирок анын негизги багыты санариптик валюталар жана виртуалдык активдер менен иштөө болот.
Мындан сырткары мамлекет башчысы бийликте турган мезгилинде үй-бүлө мүчөлөрүн саясатка же мамлекеттик иштерге аралаштырбаганын кошумчалаган.
«Мен беш жылдан ашык убакыттан бери бийликтемин. Бул убакыттын ичинде үй-бүлө мүчөлөрүмдүн бирин да, атүгүл бир туугандарымды да мамлекеттик иштерге аралаштырган жокмун. Менимче, бир үй-бүлөдөн бир саясатчы жетиштүү», — деп белгиледи президент.
Ал туугандарын ар дайым бизнес менен алектенүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана инвесторлорду тартууга үндөп келгенин айткан.






