Бишкектеги жеке менчик мектепте 84 адам тамакка ууланды

Бишкек шаарындагы “Сейтек СТЕМ” жеке менчик мектебинде 31-октябрда окуучулар менен мугалимдер тамактан жапырт уулануу фактысы катталды.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, жалпы 84 адам жабыркады, алардын төртөө педагогдор.

Жабыркагандардын 79у Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышкан, ал жерде лабораториялык изилдөөлөр үчүн ашказанды жууган суу жана заң анализдери алынган. Ал эми 5 адам жеке медициналык борборлорго кайрылышкан.

Учурда 10 бала жана 2 мугалим ооруканага жаткырылды, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Санитардык-эпидемиологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй, ууланууга 31-октябрда мектептин ашканасында түшкү тамакка берилген шаурма себеп болгон.

Биринчи белгилери — кусуу, ич өтүү, ичтин оорушу жана алсыздык — окуучуларда тамактангандан кийин бир нече сааттан кийин байкалган.

Маалымат келип түшкөндөн кийин Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн адистери ашканада жана тамак-аш блогунда санитардык-эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүштү. Азык-түлүктөрдүн, суткалык үлгүлөрдүн жана жабдуулар менен инвентарлардан алынган жуундулардын анализдери алынып, ошондой эле тамак жасоого катышкан кызматкерлер текшерилди. Санитардык нормалардын сакталышы жана азык-түлүктөрдү сактоо шарттары да текшерилген.

Мектеп жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюу жана жалпы дезинфекциялоо боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди.

Мектептин директоруна карата төмөнкүдөй административдик протоколдор түзүлдү:

  • КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүгү боюнча — 5 000 сом айып пул;
  • 214-берененин 2-бөлүгү боюнча — 23 миң сом айып пул.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы алынганга чейин мектеп ашканасынын иши убактылуу токтотулду.

Учурда Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору эпидемиологиялык иликтөөнү улантууда.

Лабораториялык анализдердин акыркы жыйынтыктары алынгандан кийин кырдаалга баа берилип, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.