
Социалдык тармактарда укук коргоо органдарынын кызматкерлери Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Шайлообек Атазовдун үйүндө түнкүсүн тинтүү жүргүзүп жатканын көрсөткөн видео пайда болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тинтүүнүн себеби боюнча расмий комментарий бере элек, ошондой эле кылмыш иши боюнча эч кандай маалымат жок. Саясатчынын телефон номери да учурда өчүк, жеткиликсиз болууда.
Эске салсак, эки күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясы өз талапкерлигин 6-округ боюнча көрсөткөн Шайлообек Атазовдун талапкерлигин каттоодон баш тарткан. Мындай чечим БШКнын комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Себеби 2024-жылдан ушул күнгө чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. УКМКнын Чек ара кызматы Атазов 2024-жылы өлкө сыртында 260 күн жүргөнүн билдирген.
Шайлообек Атазов № 29 шайлоо округу боюнча 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Саясий ишмердүүлүгүнөн тышкары, ал спортчу катары да белгилүү — бокс жана кикбоксинг менен алектенген. Ошондой эле Бажы кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Райымбек Матраимов менен байланышкан EREM спорт клубун башкарган.






