Ошто “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди

Ош шаарында 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону пландалган мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Көмөк чордонду куруу иштери “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан ишке ашырылып, жалпы 18 млн 500 миң сом сарпталды.

Жаңы 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону ишке кирүүсү менен Кең-Сай жаңы конушун, Гулбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздайт.

Мындан тышкары Ош шаарынын 3000 түтүнүн, ал эми Араван районунун 1 124 гектар жер аянтындагы 6 877 адамга бөлүнгөн жер тилкесин электр энергиясы менен камсыз кылат.