Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт

Кыргызстанда ноябрь айынын аягына чейин 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде белгилүү болду.

Анда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев президент Садыр Жапаровго банкноттор 17-ноябрдан тарта чыгарыла баштай турганын айтты.

Анын маалыматына караганда, учурда кагаз иштери аягына чыгып, банкнот чыгарууга даярдык көрүлүүдө.