Бишкекте жол кырсыгынан 2 өспүрүм каза болду

Бишкекте жол кырсыганан 2 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  28-октябрда таңкы саат төрттөр чамасында 17 жаштагы С.Б. башкарган «Тойота Сиенна» унаасы Шабдан Баатыр проспектиси боюнча чыгыштан батышты көздөй бара жаткан.

Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) тушунда айдоочу башкарууну жоготуп  электр мамысын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2008-жылы туулган З.Н. жана 2007-жылы туулган А.Н. аттуу жүргүнчүлөр каза болгон. Айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.