Креативдүү индустриялар паркы 600 000 сом байге фонду менен креаторлор үчүн конкурс жарыялады

Креативдүү индустриялар паркы (КИП) ololo, Codify, Accelerate Prosperity, G-Craft жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте CreaPark 2025 креативдүү өнүмдөр конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл ала баштаганын жарыялайт. Конкурс креативдүү жана инновациялык долбоорлордун авторлорун колдоого багытталган.

Конкурс тууралуу
CreaPark 2025 креативдүү өнүмдөргө конкурс – бул креативдүү жана инновациялык өнүмдөрдүн жаратуучуларын бир жерде бириктирген аянтча. Катышуучулар өз идеяларын эксперттерге сунуштап, билим берүүчү мастер-класстардан өтө алышат, ал эми жеңүүчүлөр долбоорлорун ишке ашыруу үчүн ресурстарды алышат. Конкурстун жалпы байге фонду 600 000 сомду түзөт. Өтүнмө берүүнүн акыркы күнү: 31-октябрь

2025-жылдын 29-ноябрында конкурстун финалы өтүп, анда финалисттер өз долбоорлорун питч форматында сунушташат. Күндүн экинчи бөлүгүндө белгилүү жергиликтүү жана эл аралык баяндамачылар сөз сүйлөшөт. Баяндамачылар актуалдуу тренддер, кейстер жана жеке тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларды өз долбоорлорун өнүктүрүүгө жана креативдүү бизнестин жаңы формаларын түзүүгө шыктандырат.

Долбоор креативдүү тармактарда иштеген ишкерлерди жана авторлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле идеялар реалдуу өнүмгө айланган жамааттарды түзүүгө багытталган.

Конкурстун катышуучуларына кандай мүмкүнчүлүктөр берилет:
 – белгилүү эксперттердин мастер-класстарына катыша алышат
 – башка катышуучулар менен байланыш түзүп, тажрыйба алмашат;
– өз долбоорун регионалдык деңгээлде жарыялап, аны ишке киргизүү же масштабын кеңейтүү үчүн финансылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү болот

Кимдер катыша алат?

Креативдүү өнүмдү жаратып, анда чыгармачыл көздөм акыркы жыйынтыктын баасынын негизги бөлүгүн түзгөн же өнүмдөрү биринчи кезекте оригиналдуу идеядан улам баалуу болгон ар бир адам конкурска катышууга чакырылат.

Бул китептердин, комикстердин, көркөм жана сахналык долбоорлордун авторлору, ошондой эле товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды жакшыртуу үчүн чыгармачылык мамилени колдонгон адистер болушу мүмкүн.

Эгерде сиз сервисти кайра карап чыкканды, экологиялык жактан таза чечимди ойлоп тапканды, жагымдуу таңгактарды же кардар менен иштешүү үчүн стандарттуу эмес форматты түзгөндү билсеңиз, анда бул конкурс сиз үчүн!

Сиздин өнүм идеядан баштап, масштабга чейин өнүгүүнүн ар кандай баскычында болушу мүмкүн.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын Креативдүү индустриялар паркы – бул креативдүү тармактарды колдоо жана өнүктүрүү үчүн атайын түзүлгөн дүйнөдөгү биринчи салык режими. КИП тууралуу мыйзам 2022-жылдын 8-августунда кабыл алынган жана креативдүү экономика чөйрөсүндө иштеген компаниялар жана жеке ишкерлер үчүн салык жеңилдиктерин камсыз кылат.

КИПтин резиденттери үчүн салык шарттары:
 – түшкөн акчага салык – 1% (стандарттык 4–6 пайыздын ордуна);
 – кызматкерлердин киреше салыгы – 5% (10 пайыздын ордуна);
 – иш берүүчүлөр социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулат.

Көбүрөөк маалымат КИПтин Instagram баракчасында бар
Конкурска катышуу үчүн өтүнмөнү шилтеме боюнча жиберсе болот
Өтүнмө берүүнүн акыркы күнү: 31-октябрь

ЖМК үчүн байланыштар:
Email: marketing@cip.kg
Телефон: +996 700 377 100 (WA, Telegram)