
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин шаарындагы «Агро Куш» ЖЧКсынын — бройлер тоокторун багууга жана тоок этин өндүрүүгө багытталган «Кемин» заманбап канаттуулар чарбасынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Агро Куш» ишканасы инкубация, тоют өндүрүү, бройлер өстүрүү, тоок союу, этин кайра иштетүү жана даяр продукцияны таркатуу сыяктуу толук өндүрүш циклин ишке ашырат.
Компанияда 600дөн ашык жумушчу иштейт, алардын басымдуу бөлүгү жакынкы калктуу конуштардын тургундары.
«Кемин» өндүрүштүк комплексин түзүү долбоору — бул компаниянын учурдагы кубаттуулуктарын кеңейтүүгө багытталган ири инвестициялык долбоор. Ал Кемин районунда жаңы инкубаторийди, тоок өстүрүүчү аянттарды, канаттуулар үчүн тоют чыгаруучу заводду жана даяр продукцияны сактоочу кампаны курууну камтыйт.
Комплекс ишке берилгенден кийин компаниянын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу 29 пайызга көбөйүп, жылына болжол менен 15 миң тонна тоок этине жетет. Бул 10 миллиондон ашык бройлер тоокко барабар. Ал эми комбикорм өндүрүшүнүн көлөмү 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин өсөт.
«Агро Куш» долбоору «талаадан баштап даяр продукцияга чейин» толук өндүрүш чынжырын түзүп, канаттуулар тармагынын вертикалдык интеграциясын бекемдеп, Кыргызстандын агрардык секторунун туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деген ишеним жогору.






