Президент: Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат

Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкө чөлкөмдөгү виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу активдүү түрдө калыптанууда, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик база күчөтүлүүдө, инфраструктуралык демилгелер жаралууда.

“Учурда финансы системаларын санариптештирүү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калды. Көптөгөн мамлекеттер виртуалдык активдерди жөнгө салуу үчүн стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгууда, борбордук банктардын санариптик валюталарын киргизүүдө, реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө. Бул процесстер мындан ары технологиялык эксперимент болбой, жаңы экономикалык моделдин туруктуу элементтерине айланып баратат.

Кыргыз Республикасы криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат. Бул коомдун санариптик чечимдерди кабыл алуу деңгээлинин жогору экендигин билдирет. Бирок бул бизге олуттуу жоопкерчилик жүктөйт”, – деди өлкө башчысы.

Ошондой эле президент Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү салмактуу жана талап кылынган чечимдердин зарылдыгынан улам логикалык кадам болуп калгандыгын айтты.