УКМК Бишкектеги “Мадина резиденс” көп кабаттуу үйүнүн курулушунда мыйзам бузууларды аныктады

УКМК «Мадина резиденс» үйүн курууда мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Курулуш компаниясынын заказы боюнча иштеген долбоордук уюм тарабынан долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо жалган маалыматтар киргизилип, анын негизинде турак жай комплексин куруу долбоорлору макулдашылган.

«Эреже бузуу катары курулуп жаткан үйдөн 5 метр аралыкта дубалында терезелери бар имарат жайгашкан. Бул факты өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат жана мындан ары ишке ашырылбашы керек.

Объектти ишке киргизүүдө белгиленген жагдайлар өрт коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн, ошондой эле үлүшчүлөрдүн турак жайга көчүп киришине жана зарыл болгон турак жай документтерин алууга тоскоол болуп, нааразычылыктарды жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет»,- деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 18-октябрында төмөндөгүлөр кармалган.

— С.Д.М. «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси;
— О.Д.Б. долбоорлоо уюмунун жетекчиси;
— Р.Ж.Т. курулуш компаниясынын жетекчиси;