Бишкекте 55 миллион сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарында 55 миллион 493 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын А.Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан 0,23 га жер тилкеси 2011-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде укук күбөлөндүрүүчү документтери жокко чыгарылып, базар баасы 55 млн 493 миң сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.