
17-18-19-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата республикалык «АгроТехЭкспо-2025» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлүп, жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан сатылат.
Ошондой эле республикадагы ар бир аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын продукциялары элдин назарына коюлат. Айтсак, Ош,Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Чүй дубандарында өндүрүлгөн бардык товарлар жарманкенин текчелеринен орун алмакчы.