
Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Кыргызстандын борборун көчүрүү идеясына комментарий берди. «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде, ал азырынча бул боюнча расмий чечим жок экенин, бирок шаардык мэрия мындай демилгени колдой турганын белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Манас шаарын өлкөнүн борборуна айлантууга даярдык жетишсиз.
“Борборду Манас шаарына которуу тууралуу мен эч нерсе деп айта албайм. Бирок, саясатчылар социалдык тармактардан өздөрүнүн ушундай сунушун, ой-пикирлерин айтышууда. Эгер борбор Манас шаарына которула турган болсо, биз аны сүйүнүч менен кабыл алабыз.
Жалал-Абад шаарын Манас шаарына өзгөртүү, шаарды өнүктүрүү иштеринин жүрүшүн өлкөнүн борборун Манаска которууга даярдык деп айта албайм. Эгер Манас шаарын борборго айлантуу чечими чыгып кала турган болсо, биз даярбыз. Бирок, дагы кичине иштөө үчүн убакыт керек. Андай чечим азырынча чыга элек. Бүгүнкү күндө борбордун жылышына даярдыгыбыз азыраак десем болот”, – деди шаар мэри.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 3-сентябрдагы сессиясында мэр Эрнисбек Ормоков шаардын атын Манас деп өзгөртүүнү сунуштаган. Депутаттар бул сунушту колдошту. Бир жумадан кийин эле Жогорку Кеңеш атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда колдоп, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон. Он күндөн кийин 27-сентябрда Жалал-Абад расмий түрдө Манас аталды.