УКМК «Кадастр» мекемесинин Жайыл районундук бөлүмүндө коррупциялык схеманы ачты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен Кадастр боюнча мамлекеттик агенттиктин Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысын кармады.

Атайын кызматтын басма сөз борбору билдиргендей, филиалдын кызматкерлери жасалма баштапкы документтерди колдонуу менен өз ара сүйлөшүп алышкан. Бул аларга мыйзамдуу негиздерсиз жеке менчикке мамлекеттик күбөлүктөрдү берүүгө мүмкүндүк берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук филиалында жана кызмат адамдарынын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, машинкалар жана эски үлгүдөгү мамлекеттик бланктар боюнча 2004-жылы чыгарылган Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин мөөрү, жеке менчик укугуна жаңы жана катталбаган мамлекеттик актылар аныкталып, алынган.

Мындан тышкары, жер тилкелерине жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү, тактап айтканда, документтин түп нускасын жасалмалоо жана аларды «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин реестрине каттоо жолу менен ишке ашырылгандыгы аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жайыл филиалынын башчысы И.Р.Р. кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 тергөө абагына киргизилди.