
Талас облусундагы жеке менчикке өтүп кеткен турмуш-тиричилик комбинаты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Бакай-Ата айылынын борборунда жайгашкан эки кабаттуу турмуш-тиричилик комбинаты мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.
Имараттын аянты 937 чарчы метрди, ал эми имарат жайгашкан жер 0,16 га аянтты түзгөн.
Тийиштүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүндө, аталган имарат жана ал жайгашкан жер тилкесин мамлекеттин эсебине, т.а. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүнө кайтарылып берилди.
Учурда Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имараты авариялык абалда болгондуктан, ошондой эле райондук калкты тейлөө борборунун имараты жоктугуна байланыштуу УКМК тарабынан мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн имаратка Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатын, ошол эле Бакай-Ата айылдык кеңештин депутаттарын жана райондук калкты тейлөө борборунун жамаатын аталган имаратка жайгаштыруу иштери мерчемделип жатат.