«Sheraton’догу» мушташ: Сот Жан Воиновдун жубайы менен кайнисине өкүм чыгарды

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту Sheraton мейманканасындагы мушташ боюнча ишке чечим чыгарды. Бул тууралуу 14-октябрда Биринчи Май районунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Зарина Алмасова Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Анын иниси Рустам Алмасов Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары, ошондой эле 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча күнөөсүз деп табылып, кылмыш курамы жок болгондуктан акталды.

Ал 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөткө пробация жазасына тартылган.