Кара-Балтада жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен эки кичинекей бала каза болуп калды

Жайыл районунда эки бала жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 13-октябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Кара-Балта шаарында болгон. Жүк ташуучу унаанын 69 жаштагы айдоочусу 7 жана 8 жаштагы балдарды сүзүп кеткен. Кесепетинен экөө тең окуя болгон жерде каза болушкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.