
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин кызматтан алуу жана дайындоо жөнүндө тескемеге кол койду.
Тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Азат Салмурбек уулу Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.